Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугун үчүнчү ирет багындырды (видео)
Спорт
Айсулуу Тыныбекова Азия чемпиондугун үчүнчү ирет багындырды   (видео)

Айсулуу Тыныбекованын спорттук карьерасы дагы бир мелдештеги жеңиши менен байыды. Ушул күндөрү Кытайда өтүп жаткан күрөш боюнча Азиянын биринчилигинде кыргызстандык балбан кызыбыз алтын медалын тагынды. Тыныбекова 62 килограмдык салмак ченинде ат салышты. 


Спорттук дүйнөгө белгилүү биздин балбаныбыз мелдештеги алгачкы беттешинде өзбекстандык каршылашын жеңип алган. Андан кийин ага Таиланддан келген балбан каршы туруп, Тыныбекова аны да ийгиликтүү жеңип алды.

Финалда Тыныбековага 22 жаштагы япониялык Юкако Каваи каршы турду. Каваи Япониянын курама командасында 2013-жылдан бери күрөшүп келет. Өткөн жылы ал дүйнө чемпионатында экинчи болгон.

Жапониялык балбан беттештин биринчи мүнөттөрүндө эле демилгени колго алып, ийгиликтүү ыкмаларды жасоо менен 6 упай алган. Тыныгуудан кийин Тыныбекова алгач эсепти теңөөгө аракет жасап, беттештин соңунда жеңишке жетишкен.