Жаңылыктар
Балыкчынын мэри 14-майда шайланат
Саясат
Балыкчынын мэри 14-майда шайланат

Балыкчы шаарынын мэри 14-май күнү шайланат. Бул тууралуу Балыкчы аймактык шайлоо комиссиясынын системдик администратору Кемел уулу Кайрат билдирди.

Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын №53 токтомуна ылайык Балыкчы шаарынын мэрин шайлоо күнү 14-майда саат 9:00дөн 12:00гө чейин деп белгиленди. Талапкерлерди каттоо мөөнөтү 2-майда саат 18:00дө бүтөт.

«Бүгүнкү күнгө карата бир дагы талапкер каттала элек», - деди ал.