Жаңылыктар
Шри-Ланкада дагы 3 жардыруу болуп, 15 адамдын денеси табылды
Дүйнө
Шри-Ланкада дагы 3 жардыруу болуп, 15 адамдын денеси табылды

Шри-Ланканын аймагында дагы 3 жолу жардыруу болгонун 26-апрелде жалпыга маалымдоо каражаттары жарыялашты. Окуя өлкөнүн чыгышындагы Калмуна шаарында болгон.

«Ada Derana» басылмасы полицияга шилтеме берип жарыялаган маалымат боюнча, жарылган үйдөн 15 адамдын денеси табылды. Алардын үчөө аялдар, үчөө эркектер жана алтоо жаш балдар.

Шри-Ланканын аймагында 21-апрелде 8 жолу жардыруу болгон. 22-апрелде Шри-Ланканын борбору Коломбо шаарында дагы бир жарылуу болду. Окуя чиркөөгө жакын аймакта жүк ташуучу унаадан табылган бомбаны зыянсыздандырып жаткан учурда болгонун «Reuters» күбөлөргө шилтеме берүү менен билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, жардырууларга шектелип кармалган адамдардын саны 40тан ашкан. Бийлик өкүлдөрү жардыруулардын кесепетинен 310 адам каза болуп, 500дөй адам жабыркаганын билдирген болчу.

21-апрелдеги жарылуудан даниялык миллиардер Андерс Повлсендин 3 баласы көз жумду. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалымат боюнча, ал жубайы менен 4 балалуу болушкан.

Повлсен Даниядагы эң бай адам жана Bestseller дүкөндөр тармагына ээлик кылып, британиялык Asos интернет дүкөндүн ири акционери болуп эсептелет. Bestseller компаниясынын өкүлү ишкердин балдары Шри-Ланкада көз жумганы тууралуу маалыматты тастыктап, ал жерде Повлсендин үй-бүлөсү эс алып жүргөнүн билдирген.