Жаңылыктар
Ошто жасалма паспорттор боюнча коррупциялык иштин бети ачылды
Кылмыш
Ошто жасалма паспорттор боюнча коррупциялык иштин бети ачылды

Ош шаардык прокуратурасы апрель айында атайын текшерүүлөрдү жүргүзүп, анын натыйжасында жасалма паспорттор боюнча коррупциялык иштердин бетин ачты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

2016-жылдын май айында Ош шаарындагы калкты тейлөө борбору жана Ош шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери бөлүмүнүн айрым кызматкерлери тарабынан Б.Р. аттуу жаранга бир тууган сиңдисинин анкеталык маалыматтарын (аты-жөнү, жеке номуру ж.б.) колдонуп, бирок Б.Р.нын өзүнүн сүрөтүн жайгаштырып, жалпы жарандык паспорт даярдалып берилгендиги аныкталган. Андан тышкары Ош шаарындагы №2 тез документтештирүү бөлүмүнүн айрым кызматкерлери тарабынан З.З. аттуу жаранга анын өзүнүн сүрөтүн колдонуп, бирок бир тууган инисинин анкеталык маалыматтарын пайдалануу менен жалпы жарандык паспорт даярдалып берилгендиги белгилүү болгон.

«Ош шаарындагы калкты тейлөө борбору жана Ош шаардык паспорттук-визалык жана каттоо иштери мекемесинин №2 тез документтештирүү бөлүмүнүн (учурда жоюлган) айрым кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), ал эми жасалма паспорттордун ээлери Б.Р. жана З.З. аттуу жарандарга карата Жазык кодексинин 359-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде (билип туруп жалган расмий документти пайдалануу) материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жазык иштери сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү үчүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Ош шаары боюнча тергөө бөлүмүнө жиберилди», - деп айтылат билдирүүдө.

Жыл башынан бери аталган фактылардан тышкары паспорт алууда башка мыйзам бузуулар катталган эмес. 2018-жылы мыйзамсыз паспортторду берүү боюнча Ош шаардык прокуратурасы тарабынан 3 кылмыш иши козголгон.