Жаңылыктар
Нарын: Ак-Кыя айылындагы орто мектептин имараты кулап калуу коркунучунда турат
Билим
Нарын: Ак-Кыя айылындагы орто мектептин имараты кулап калуу коркунучунда турат

Ак-Талаанын Ак-Кыя айылында курулганына жарым кылым болгон орто мектептин имараты кулап калуу коркунучунда турат. Маалым болгондой, эски мектеп 3 имараттан туруп, жалпы 480 окуучу билим алат. 

1977-жылы ашар жолу менен курулган билим уясынын имаратынын полдору түшүп, дубалдарынан жарака кетип, эки жакка ооп калган. Учурда бул имаратта окутуу иштери токтотулуп, окуучулар айыл өкмөттүн жана эл каттоо бөлүмүнүн имаратына көчүрүлдү. 

Негизи бул көйгөй былтыр ортого салынып, жаңы мектептин курулушу башталган. Бирок каражат маселеси чечилбегендиктен жумуш токтоп турат.