Жаңылыктар
Бүгүн Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленет

Бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарынын 141 жылдыгы белгиленет. Шаар күнүнө карата мэрия майрамдык программа даярдады.

Ар түрдүү маданий-спорттук иш-чаралар калаа боюнча 19-апрелде башталган. Бүгүн «Ала-Тоо» аянтында майрамга карата концерт өтөт. Ага чет өлкөлүк эстрада чеберлери - орусиялык ырчы Согдиана жана өзбекстандык «Ялла» тобу катышат. Аларды жергиликтүү өнөрпоздор - «Инсан», «Элес» топтору, ырчылар Гүлнур Сатылганова, Мирбек Атабеков жана оркестр коштойт. Майрамдын аягында алты мүнөткө созулган фейерверк атылат.

Эскерте кетсек, шаар күнүнө карата саат 16:00дөн кийин «Ала-Тоо» аянтында Чүй саябаны Эркиндик гүлбагынан Панфилов көчөсүнө чейин жабылат.