Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 28-апрелде, Пекин сапарында Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Си Цзиньпинь Кытай мамлекети Кыргызстан менен кызматташууну каалай турганын жана анын өнүгүп келатканын көргөнгө кубанаарын белгиледи. "Кытай Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү жана досу болгон жана болуп кала берет. Биз “Бир алкак – бир жолдун” алкагында мындан ары да кызматташтыктын дараметин ача берүүгө даярбыз", - деп ишендирди КЭР Төрагасы.

Кытай лидери Сооронбай Жээнбековдун "Бир алкак-бир жол" форумунда сүйлөгөн сөздөрү аны таасирленткенин өзгөчө белгиледи.
Ошондой эле Си Цзиньпин президент Сооронбай Жээнбековдун быйылкы жылдын июнь айында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келүү чакыруусун кабыл алганын билдирди.

Жолугушууда кыргыз лидери Сооронбай Жээнбеков кытай жетекчисин "Бир алкак-бир жол" экинчи эл аралык форумунун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, иш-чара эң жогорку деңгээлде болгонун айтты.

Ошондой эле форумдун жыйынтыгы дүйнө коомчулугу үчүн тарыхый мааниге ээ болоорун жана мында Кытайдын төрагасынын жеке салымы зор экенин белгилеп, демилге ага катышкан мамлекеттерге бакубатчылык алып келээрине ишенимин билдирди.
Эки өлкө башчылары ошондой эле мамлекеттер аралык көп багыттуу мамилелерди жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында да кызматташтыктын келечегин талкуулашты.