Жаңылыктар
“Ак кула” ат майданында көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогу ойнотулду
Спорт
“Ак кула” ат майданында көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогу ойнотулду

Бишкектин “Ак кула” ат майданында эрендердин эр оюну болгон көк бөрү боюнча шаар мэринин кубогу ойнотулду. Турнирге жалпысынан 8 команда катышып, финалдык оюнда “Четинди” жана “Келечек” командалары мөрөй талашты.

Бишкек шаарынын мэриясынын кубогу үч күндүк оор таймаштардан кийин гана, күчтүү командага буюрду. Финалдык беттеште “Четинди” жана “Келечек” командалары кез келишти. Эки команда тең Бишкек шаарынан. Ийгилик бул ирет “Келечек” командасына жылмайып, атаандашын 11-1 эсебинде жеңди.

Мелдешке Чүй облусунан жана Бишкек шаарынын 8 топ катышты. Алар: Көк-Жал, Бишкек, Четинди, Келечек, Төш-Булак, Кара-Балта, Келечек-Суусамыр жана Ак-Жол.

Биринчини алган “Келечекке” мэрдин кубогу жана 350 миң сом байге берилди. Мелдеште экинчи болгон “Четинди” командасы 200 миң сомго ээ болду. Жалпы байге фонду - 700 миң сомду түзгөн.

Борбор калаанын 141 жылдыгына арналып өткөрүлгөн мелдеште “Келечектин” оюнчусу Айбек Караев мыкты улакчы деп аталды.

Майрамдык мелдештин программасы бир гана көк бөрү менен чектелген жок. Негизги оюнга чейин ат чабыш, жорго салыш жана кунан чабыш боюнча жарыштар өткөн.

Көк бөрү боюнча Бишкек шаарынын мэринин кубогу жыл сайын турнирди уткан командага өткөрүлүп турмакчы. Ага чейин байге шаардын Свердлов районунун улакчыларында калат.