Жаңылыктар
Кытайдын Коргоо министри Кыргызстанга иш сапары менен келди
Саясат
Кытайдын Коргоо министри Кыргызстанга иш сапары менен келди

Кытай Эл Республикасынын Коргоо министри Вей Фэнхэ, Кыргызстанга официалдуу иш сапары менен келди. Жогорку даражадагы конокту өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Райимберди Дүйшенбиев кабыл алды. 

Жолугушуу келерки жумада Бишкекте өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жыйынынын алдында болду. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн, ошондой эле Шанхай Кызматташтык Уюмунун коопсуздугун камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу аскердик жана аскердик техникалык кызматташтыктын келечеги тууралуу протоколго кол коюлду.