Жаңылыктар
"ЭКСПО-2019": Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко чыгарууга өбөлгө түзүлөт
Экономика
"ЭКСПО-2019": Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко чыгарууга өбөлгө түзүлөт

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына болгон жумушчу визитинин алкагында, Эл аралык көргөзмө борборундагы Кыргызстандын жарманке павильонуна барды. Мамлекет башчысы павильонду көрүп чыгып, анын экспонаттары менен таанышты. Ал белгилегендей, Кыргызстандын тийиштүү мамлекеттик органдары көргөзмөнүн аянтчасын максималдуу колдонуп, ата мекенибиздин экологиялык жактан таза айыл чарба продукцияларын жана өнөр жайын ири рынокко көрсөтүшү керек. 

“Экспо-2019” көргөзмөсүнө 16 миллион адам келери күтүлүүдө. Президент Кыргызстандын продукцияларына эл аралык рыноктун өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу үчүн бул мүмкүнчүлүктү максималдуу колдонуу зарылдыгын белгиледи. Эл аралык көргөзмө борбору Пекинге жакын шаарча Яньчин районунда жайгашкан. Кыргыз павильону 1050 чарчы метр аянтты ээлейт. Анын көпчүлүк бөлүгүн бак түзөт. Ошондой эле, металл конструкциясында курулган жабык жайда жайгашкан.

Негизинен Пекиндеги "ЭКСПО-2019" аянтчасы Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко чыгарууга жана таанытууга өбөлгө түзөт. Бул туурасында Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы элчиси Канайым Бактыгулова билдирди. Ал Кыргызстан биринчилерден болуп КЭРДИН Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» демилгесин колдоого алганын эске салды. 

Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан бардык биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде транспорттук жана санариптик инфраструктураны ишке ашыруу кадамдарын жасоо боюнча так милдеттер коюлду. «КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Президент Сооронбай Жээнбеков 37 мамлекет башчысынын курамында «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтыгы боюнча экинчи форумдун алкагында сөз сүйлөп, бир катар демилгелерди жана сунуштарды берди.

«Экспо-2019» көргөзмөсү 28-апрелде Пекин шаарында өзүнүн ишин баштады жана 2019-жылдын октябрында жыйынтыкталат. Ага 70 өлкө жана 20 эл аралык уюмдун катышуусу күтүлүүдө. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, көргөзмөнү 16 миллион адам көрөт.