Жаңылыктар
Бишкектин 12-кичи району тарапта жайгашкан кичи базардан өрт чыкты
Кырсык
Бишкектин 12-кичи району тарапта жайгашкан кичи базардан өрт чыкты

Бишкектин 12-кичи району тарапта жайгашкан кичи базардан өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт тууралуу 28-апрелде саат 20:20да чакыруу түшкөнүн билдирди. 

Тилсиз жоону чектөө үчүн бир өрт өчүрүүчү унаа барган. Алдын ала маалымат боюнча кичи базардагы бир күркө күйүп, экинчисине да жалын жабышкан. Жалын өрт өчүрүүчүлөр тарабынан чектөөгө алынып, өрт толугу менен өчүрүлгөн. Жаракат алгандар болгон эмес.