Жаңылыктар
Бишкекте эки киши супермаркетти тоноп кетти
Кылмыш
Бишкекте эки киши супермаркетти тоноп кетти

Бишкекте эки киши супермаркетти тоноп кетти. Кылмышкерлерди кармоо үчүн ИИМдин Криминалдык милициясынан жана Октябрь РИИБдин кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлдү. 

Маалыматка караганда, карактоо 12-кичирайондогу "Супер Арзан" дүкөнүндө 28-апрелге караган түнү саат он эки жарымда болгон. Беткап кийген, куралчан адамдар дүкөнгө кирип келип, кароолчу менен кассирди коркутушкан. Жыйынтыгында, алар кассадан 35 миң сом алып кетишкен. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазыктар кодексинин "Каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголду. Шектүүлөрдү кармоо аракеттери көрүлүп жатат.