Казакстанда 28-апрелде саат 18:00дө президенттикке талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясына бардыгы болуп тогуз талапкер арыз берген. Ага ылайык, өз талапкерлерин төрт партия менен беш коомдук бирикме сунуштады.
Талапкерлердин арасында Казакстандын азыркы Президенти Касым-Жомарт Токаев да бар. БШК талапкерлерди 11-майга чейин каттайт. Ал эми президенттик шайлоо 9-июнда өтөт. Үгүт иштери 11-майдан 7-июнга чейин болот.