Бүгүн Бишкек шаарынын күнү белгиленип жатат. Шаар күнүнө карата парктарда, гүлбакчаларда, аянттарда маданий-массалык жана спорттук иш-чаралар өтүүдө. Кечинде "Ала-Тоо" аятында өзгөчө шаңдуу концерт болот. Бул жолку майрамдык концертке конок катары ырчы Согдиана менен Өзбекстандын легендарлуу "Ялла" тобу чакырылган.
Бул дата Бишкек шаардык кеңештин 2006-жылдын 28-ноябрындагы №266 «Бишкек шаарынын күнү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтомуна ылайык 2016-жылдын 23-мартындагы №181 токтому менен белгиленген.