Жаңылыктар
Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду
Спорт
Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду

Балбан Үзүр Жусупбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болду. Мекендешибиз Кытайдын Сиань шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды. Спортчу 28-апрелде грек-рим күрөшү боюнча 97 килограмм салмакта күч сынашып, финалда өзбек балбаны Жахонгир Турдиев менен таймашып, аны 3:2 упай эсебинде жеңди. Ал ага чейин казакстандык Алимхан Сыздыковду 6:3, ирандык Махди Аббасты 7:5 эсеп менен утуп, финалга чыккан.

Бул күнү күрөштүн ушул эле түрүнөн 72 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Руслан Царев коло байге алды. Буга чейин Асан Сулайманов менен Мурат Рамонов үчүнчү орун алышкан. Командалык эсепте Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы 100 упай топтоп, 8-катарга жайгашты. Күрөш боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионаты 23-апрелде башталган. Эркин күрөш боюнча таймаштарда кыргыз балбандарынан Алигаджи Гамидгаджиев күмүш, Ойбек Насыров коло, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова алтын, Мээрим Жуманазарова коло медаль тагынды.