Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрүү пункту ачылат
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" өткөрүү пункту ачылат

Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра автожол" өткөрмө бекети 1-майдан тарта ишин жандантат. Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, аталган өткөрмө бекет күнүгө эртең мененки саат 8:00дон кечки 18:00го чейин эс алуусуз иш алып барат. Өткөрмө бекеттен жарандар, жеңил унаалар өтө алышат.

Ошондой эле, анда электрондук виза боюнча өткөрүү жүргүзүлбөйт. Эске салсак, "Каркыра автожол" өткөрмө бекети Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.