Жаңылыктар
Даркүл Күйүкованын 100 жылдык мааракеси белгиленет
Маданият
Даркүл Күйүкованын 100 жылдык мааракеси белгиленет

Бүгүн, 29-апрелде СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Даркүл Күйүкованын 100 жылдык мааракесине арналган он биринчи республикалык театр фестивалы башталат. Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө «Даркүл Күйүкова жана кыргыз кино искусствосу» аттуу эскерүү кечеси өтөт. Анда «Өрүкзар мекени» аттуу көркөм тасма көрсөтүлөт. 

Белгилей кетсек, атактуу актриса Даркүл Күйүкова бир канча фильмдердеги башкы ролдору менен да көрөрмандардын эсинде калды. Ал Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасындагы Оңолкандын, Чыңгыз Айтматовдун «Саманчынын жолу» спектаклиндеги Толгонайдын ролун аткарган.