Жаңылыктар
Жети-Өгүз районундагы жаңы конушта заманбап фельдшердик акушердик пункт ачылды
Ден соолук

Жети-Өгүз районунун Кичи Жаргылчак айылындагы жаңы конушта фельдшердик акушердик пункт ачылды. Бул долбоор "Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын" алкагында ишке ашырылды. ФАП "Ассалам" эл аралык кайрымдуулук уюму, Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жалпы эки жарым милллион сомго курулду. 

Белгилей кетсек, Кичи Жаргылчак жана Чоң Жаргылчак айылдарында жалпы төрт миң алты жүздөн ашык адам жашайт. Айыл көл жээктей жайгашкандыктан жайкы эс алуу убагында туристтердин каттамы да жыл сайын өсүүдө. Мындан улам, ФАПтын курулушуна айыл эли өтө муктаж болуп турган.

"Айылда жыл сайын тургундардын саны өсүп жатат. Себеби, жаныбызда жаңы конуш бар. Анан жаш балдары менен тейлөөдө өтө кыйынчылык болуп жаткан. Алар район борборуна же кошуна айылдарга барып кыйынчылык болуп аткан да. Мындай бардыгы камсыздалган ФАП бизде биринчи ишке кирди",- деди дарыгер Назгүл Кисанова. 

"Аймактарды өнүктүрүү жылында жакшы саамалык болуп жатат. Мунун аркасы менен бир топ жумуштар бүтүп долбоорлор ишке ашууда. Мындай жакшы саамалык бизде эле эмес бардык региондордо, айылдарда ишке ашса дейбиз. Себеби, азыр саламаттыкты сактоо тармагы ушундай колдоого кептелип аксап турат",- деп билдирди Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Самат Ибраев.