Жаңылыктар
Президенттин жумуш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Президенттин жумуш сапары

Кыргызстан менен Кытай стратегиялык өнөктөштүк алкагындагы жана "Бир алкак - бир жол" долбоорунун негизинде кызматташтыкты дагы да арттырат. Бул тууралуу Президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь эки тараптуу жолугушуусунда баса белгилешти. Ошондой эле, быйыл июнь айында коңшу өлкөнүн лидери Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келери белгилүү болду. Бул кыргыз-кытай кызматташтыгына багытталган эки тараптуу келишимдерди түзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк.

Си Цзиньпин Президент Сооронбай Жээнбековду жылуу тосуп алды. Учурашып, сүрөткө түшүү орун алган соң өлкө башчылары сүйлөшүүлөр орун алган бөлмөгө киришти. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Сооронбай Жээнбековго “Бир алкак - бир жол” форумуна жана анын алкагындагы иш-чараларга катышуу үчүн келгенине ыраазычылык билдири. Си Цзиньпинь Президент Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылдын июнь айында Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келүү тууралуу чакыруусун кабыл алганын белгиледи. Эки тараптуу келишимдерге мына ошол мамлекеттик жана расмий визиттер учурунда кол коюлат. 

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бир алкак - бир жол» Экинчи Форуму ийгиликтүү өткөнүн, анын жогорку деңгээлде уюшулганын белгиледи. Лидерлер кыргыз-кытай кызматташтыгына багытталган бардык тармактар боюнча маселелерди талкуулашты.

“Бир алкак-бир жол” демилгеси Кыргызстан үчүн да мааниси чоң деп айтууга толук негиз бар. Долбоор Евразия, Европа жана Африканын 60тан ашык өлкөсүн байланыштырат. Ага дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 55 пайызы туура келет жана жалпы планетанын 70 пайызга жакын калкын камтыйт. Акыркы эки жылда чыгыш менен батышты байланыштыра турган жаңы соода жолдорун, анын ичинен авто, темир жол жана деңиз порттору аркылуу экономикалык коридорлорду түзүү жакшырып, Кытай-Европа багыты боюнча темир жол менен 13 миңден ашык каттам жасалган. 

Мына ушул мүмкүнчүлүктөрдөн Кыргызстан дагы максималдуу түрдө пайдаланууга кызыкдар деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. Айтымында, Кыргызстан Жибек Жолунун санариптик инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча эл аралык демилгелерди толук колдойт. Президент Форумдун биринчи сессиясында сөз сүйлөп, ал Пекин шаарынын четинде жайгашкан Янцзы көлүнүн жээгинде өттү.