Жаңылыктар
Бүгүн Кыргыз эл артисти Сатыбалды Далбаевди акыркы сапарга узаттуу зыйнаты өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн Кыргыз эл артисти Сатыбалды Далбаевди акыркы сапарга узаттуу зыйнаты өтөт

«КР эл артисти», Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын, «Манас» ордени, «Даңк» медалынын ээси Сатыбалды Далбаев 85 жаш курагында дүйнө салды. Маркумду акыркы сапарга узаттуу бүгүн, 30-апрелде Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык театрында саат 10:00дө өтөт.

Сатыбалды Далбаев 1934-жылы Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа кыштагында туулган. 1952-жылы Москвадагы Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык институтка тапшырып, аны 1957-жылы аяктаган. Сатыбалды Далбаев 1952-жылдан бери Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенип келген.