Талас облустук мектеп-гимназиясында “Кесип кербени” жүрүшүнүн алкагында окуу ийгиликтүү аяктады. Бүтүрүүчү класстардагы 50 окуучу биринчи жолу өз психотиби жана жакшы өнүккөн жөндөмдөрүн коуч-психологдун кесипкөй жардамы менен үйрөнө алышты. Тренингдердин негизги максаты өспүрүмдөргө болочок кесибин тандоодо жардам берип, турмуштагы ийгиликкке шыктандырып, квалификациялуу психологиялык жардам менен өзүнө болгон ишенимин бекемдөө. "Өзүнө жана өз күчүнө ишенген бүтүрүүчүлөр кесипке ээ болууда билим алуусун ийгиликтүүрөк улантат. Маселен, Таластагы өспүрүм кыздар келечекте инженердик кесипке окуп, космостук технологияларды өздөштүрүүгө дарамети толук жетерине көзү жетти, жана ага чектөө жалаң гана стереотиптер",- дейт тренингдин коуч-психологу Сейил Калдыбаева.
“Кесип кербени” республика боюнча мектеп-интернаттардан бүтүрүүчү класстагы 350 окуучуну окутту. “Кесип кербени” жаштар үчүн билим алуунун маанисин терең жеткирүү менен толук маалыматка ээ болуп жана акыл калчап туруп гана карьералык жол тандоо тууралуу маалымат берет.