Жаңылыктар
Асылбек Жээнбеков парламент төрагалыгынан кетти
Саясат
Асылбек Жээнбеков парламент төрагалыгынан кетти

Буга чейин айтылып келгендей, ал өзүнүн кадамын агасынын премьер-министрлик кызматка жалгыз талапкер экенине байланыштырды. Депутаттар Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө жогору баа беришип, ийгилик каалашты.

Асылбек Жээнбеков Жогорку Кеңешти 4 жылдан ашуун убакыт жетектеди. Кызматтан кетип жатканын жарыялап жатып, Кыргызстан парламенттик башкаруунун алгачкы жемиштерин көрө баштаганын белгиледи. Бир тууган агасы Сооронбай Жээнбековдун өкмөт башчылыгына талапкерлигин эске салып, мындай шартта мыйзамдын өз талабы бар экенин айтат.

Депутаттар Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө жогору баа беришти. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев 5-чакырылышта бир катар маанилүү мыйзамдар кабыл алынганын, анда төраганын салымы чоң болгонун белгилейт.  

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын өкүлү Сайдулла Нышанов парламентте Жээнбековдун өз эрки менен кызматтан кетип жатышын саясий маданияттуулук деп атады.

Эми экс-төрага макамына ээ болгон Асылбек Жээнбековго парламенттеги оппозициялык азчылыктагы эл өкүлдөрү да ийгилик каалашты. “Республика-Ата-Журт” фракциясынан депутат Максат Сабиров мурдагы спикер калыстыкты туу тутуп, мыйзамчылардын ынтамыгун бекемдөөдө салымы болгонун айтат.

Асылбек Жээнбеков парламент төрагалыгына 2011-жылы декабрь айында шайланган. Ага чейин вице-спикерлик кызматты аркалап турган. Жаңы төрага бүгүн шайланышы мүмкүн. Талапкерлер катары Социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков, ушул эле фракциянын мүчөсү Иса Өмүркулов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев жана “кыргызстанчылардын” лидери Канатбек Исаевдин аттары аталууда.

Калыгул Асамбаев, “Биринчи радио”