Жаңылыктар
Россия акча которуудагы жаңы эрежелерди киргизди
Экономика
Россия акча которуудагы жаңы эрежелерди киргизди

Россия Федерациясы акча которууга чектөө киргизди. Маалыматка ылайык, 16-апрелден тарта коммерциялык банктарга "Золотая корона - денежные переводы" кызматы аркылуу 30 күн ичинде которулган акча 100 миң рублден ашпашы керек. Россиялык жалпыга маалымдоо каражаттары мындай жол менен көмүскө экономика, анын ичинде каттоосу жок ишкерлик менен күрөшүү жүрүп жатканын жазышты. 

Өлкөнүн Улуттук банкы билдиргендей, бул чектөөлөр Кыргызстандык эмгек мигранттарынын которгон акчасына таасирин тийгизбейт. Мекеменин билдирүүсү боюнча, жеке тараптар айына которгон акчанын суммасы орточо эсеп менен алганда 400-500 долларды гана түзөт.