Жаңылыктар
Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту абитуриенттерди кабыл алат
Билим
Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институту абитуриенттерди кабыл алат

Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна кыргызстандык абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, документтерди кабыл алуу иштери 2-майдан тарта 20-майга чейин созулат. 2019-жылдагы Кыргызстандын Жалпы республикалык тестирлөөсүнүн жыйынтыгы сынакка катышуунун негизи катары таанылат. 

Сынактык тандоого Кыгызстандын жарандары гана катыша алат. Абитуриент бир окуу багытына гана документтерин тапшыра алат. МГИМОго Тышкы иштер министрлиги сунуш кылган талапкерлер, Москва шаарына келери менен жогорку окуу жайдын эрежелерине ылайык, орус жана чет тили боюнча тесттен өтүшөт. 

Окуу жайына сынактык тандоонун эрежелери менен Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтынан таанышса болот. Документтер Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясында кабыл алынат.