Жаңылыктар
Бишкек башкы архитектура кызматкери пара алууга шектелип кармалды
Коррупция
Бишкек башкы архитектура кызматкери пара алууга шектелип кармалды

Пара алууга шектелип "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасынын бөлүм башчысы кармалды. Улуттук коопсуздук кызматы кабарлагандай, 29-апрелде УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан жүргузүлгөн ыкчам издөө иш аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик ишкананын перспективдик пландоо бөлүмүнүн башчысы 1 миң 500 доллар пара алып жаткан жеринен колго түштү. 

Аныкталгандай, кармалган кызматкер буга чейин арыз жазган тараптын жана анын Арча-Бешик конушундагы коңшуларынын жер тилкесинде курулуш салууга уруксат документтери жок экенин аныктаган. Ал курулуштарды түртүп салам деп коркутуп, 10 миң доллар талап кылып, анын 2 миң долларын 2018-жылдын аягында алган. 

Учурда бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестерине катталды. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.