Жаңылыктар
Өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты
Саясат
Өкмөт башчы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына катышты

Кыргызстан ЕАЭБдин алкагында өнөр жайды санариптештирүүгө багытталган "Өнөр жай, кооперация жана технология Евразиялык түйүнү" долбоорун колдоого даяр. Мындай пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Арменияда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кенештин кезектеги жыйынында билдирди. Айтымында бул долбоор уюм ичинде өнөр жай тармагында тыгыз кызматташтыкты түзүүгө өбөлгө болот. Долбоордун негизги максаттарынын бири - уюмдун ичинде интернет аркылуу соода жүгүртүү. Бул багытта Кыргызстандын тажрыйбасы бар. Бир катар мамлекеттик кызматтар электрондук түргө өткөрүлгөн.

Экономисттер өткөн беш жылга сары-эсеп салып, ЕАЭБ учурда сандан сапатка өттү деп баалап жатат. Тагыраагы алгачкы жылдары уюмга мүчө мамлекеттер кыйынчылыктарга туш келген болсо азыр биримдиктеги мамлекеттердин экономикалык жана соода-сатык байланыштары туруктуу жолго түшүп, натыйжалар жаман эмес. Маселен былтыр Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 5 %га көбөйгөн болсо импорт 4,7%га азайган.

Армения өкмөтүн бир жылдан бери жетектеп жаткан Никол Пашинян ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын ар бирин жылуу тосуп алды. Уюмга мүчө Кыргызстан, Россия, Казакстан, Белоруссия менен Армениянын Премьер-министрлери ЕАЭБ ичинде кызматаштыкты тереңдетүүгө багытталган так, сапаттуу сунуштарын демилгелегени келди. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин бул жолку отурумунда маанилүү жана татаал маселелерди талкуулоого орун берилди. Анын үстүнө бул жолку жыйындын күн тартибине бир катар олуттуу маселелер камтылган.

Алардын негизгилеринин катарында экономикалык байланыштарды терендетүү, ЕАЭБдин бирдиктуу рыногун түзүү, соода, өнөр жай кооперациясы бар. ЕАЭБдин күн тартибин санариптештирүү, уюмга мүчө өлкөлөр аркылуу ташылып жаткан товарларга бирдиктүү көзөмөл салуу тутуму да маанилүү маселелерден. Бул бажычыларга аткезчилик менен ташылган товарларды өткөрбөгөнгө шарт түзөт жана мыйзам чегинде иштеп жаткан ишкерледи текшерүү кыскарат. Ушул жана башка маселелерди Өкмөт башчылар адегегенде тар чөйрөдо талкуулады.

Бул багытта Кыргызстан санариптештирүүнү жигердүү ишке ашырып жаткан мамлекеттердин бири. Бул уюмга мүчө мамлекеттердин калкнын жашоосуна түздөн-түз таасир этет. Жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуунун бир багыты санариптештирүү.

Муну менен катар, инновация, айыл чарба анын ичинде ветеринардык жана фитосанитардык маселелер, транспорт, туризм багытында байланышты күчөтүү, уюмдун ички рыноктордо тоскоолдуктарды жоюу багытындагы байланыштар талкууга алынды.