Жаңылыктар
Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз мүлкү
Коррупция
Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз мүлкү

Мурдагы вице-премьер министр жана мурдагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Дүйшөнбек Зилалиев өзүнө катталгандыгын жашыруу максатында туугандарына жана башка адамдарга жалпы суммасы 158 миллион сомдон ашкан кыймылсыз мүлктү каттатканы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Көрсөтүлгөн мүлктө кен казуу лицензияларындагы үлүштөрү эске алынган жок.

Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура кылмыш-жаза кодексинин 308-мыйзамсыз баюу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, ал 2018-жылдын 7-декабрында камакка алынган. Тинтүү учурунда анын банктагы эсебинен 890 миң долларга жакын доллар чыккан. Мындан сырткары үйүнөн 2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар табылган. “Ордо” шаарчасында жайгашкан үйү, Бишкектин борборундагы эки кеңсе имараты жана жер тилкеси бар экени белгилүү болгон. Андыктан укук коргоо органдарында, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, мынча көлдөгү мүлк кайдан келди, - деген суроо жаралган.

2011-2016 жылдары Дүйшөнбек Зилалиев расмий түрдө тапшырган декларациясында кирешеси 2 млн. 600 миң болгонун көрсөткөн. Ал эми жубайынын тапкан кирешеси 525 миң сомду түзгөн. Бирок, тергөө иштеринин негизинде расмий кирешелеринен бир канча эсе жогору, булагы жана келип чыгышы белгисиз болгон ири өлчөмдөгү акча каражаттары аныкталган.

Бул мүлктөрүнүн арасында кен казуу лицензияларындагы үлүштөрү эске алынган жок. Ошол эле учурда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин директору кызматында жүрүп бир нече алтын жана башка кендер жайгашкан жерлерге лицензияны өзүнүн тууганына каттаткан. Мыйзам боюнча - кызмат адамынын мыйзамсыз түрдө расмий кирешесинен ашкан активдеринин көбөйүшүн тактап бере албаган учурда кылмыш иши козголот. Азыркы учурда Зилалиевге козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери аяктап калды, УКМКдан билдиргендей, кылмыш иши прокуратура органдарына өткөрүлүп берилип, андан соң сотко жөнөтүлөт.