Жаңылыктар
Кайталангыс сахна сыймыгы Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына карата конференция өттү
Маданият
Кайталангыс сахна сыймыгы Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына карата конференция өттү

Кыргыз театр, кино өнөрүнүн көч баштоочусу, СССРдин Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгын белгилөө иш-чаралары өтүп жатат. Кыргыз маданиятынын корифейи Даркүл Күйүкова "Ак кеме", "Биринчи мугалим", "Ак мөөр" сыяктуу бир катар тасмаларда, спектаклдерде башкы каармандардын образын жараткан. 

Даркүл Күйүкова театр сахнасында дүйнөлүк, орус жана кыргыз классикалык драматургиясы боюнча коюлган спектаклдерде ондогон ролдорду жаратып, өзгөчө энелердин образын жогорку чеберчиликте аткарган. 100дөн ашык ролдорунун ичинен Кубанычбек Маликовдун пьесасында Жаңыл Мырзанын, Айтматовдун "Саманчынын жолу" спектаклинде Толгонайдын образын ийнине жеткире ойногон. Табиятынан жөндөмдүү, ички сезими күчтүү, трагедиялык пландагы актрисанын актёрдук жогорку билими болгон эмес.

Көп кырдуу, кайталангыс талант ээси 1919-жылы азыркы Аламүдүн районуна караштуу Төкөлдөш айылында туулган. Дыйкандын үй-бүлөсүндө тарбияланган кыз 10 жашынан тарта эле театрда роль жарата баштаган. 17 жашында Фрунзе шаарындагы жаш көрүүчүлөр театрынан эмгек жолун баштап, ал кезде кемпирдин образын жаратып, көрүүчүлөрдү таң калтырганы айтылып жүрөт.

Даркүл Күйүкова кыргыз аялдарынын ар кыл образын түзүүдө зор чеберчилигин көрсөткөн. Анын Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” драмасындагы Оңолкандын образы албуут, ач көз, кыялы чапчаң, орой аял болсо, Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклиндеги Толгонай боорукер, кайраттуу, ары эмгекчил, мээримдүү эне болуп чыга келген. Андан сырткары “Курманбекте” Айганыштын, “Сарынжиде” Акчайымдын, “Тар капчыгайда” Майсалбүбүнүн жана башка ондогон кейипкерлердин кайталангыс образдары улуу актриса Даркүл Күйкованын талантына таандык.

Кайталангыс сахна сыймыгы Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына карата, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Даркүл Күйүкова жана кыргыз театр искусствосу" аттуу илимий-практикалык конференция өттү. Мындан кийин Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында XI республикалык театр фестивалынын ачылышы болду. Андан кийин актрисанын сахналаштары, шакирттери жана башка маданият кызматкерлери "Ала-Арча" көрүстөнүнө барып, сахна жылдызынын бейитине гүл коюшту.