Жаңылыктар
Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат
Спорт
Айсулуу Тыныбекова Казакстанда өтө турган дүйнөлүк чемпионатка катышат

Азиянынын кыз-келиндер арасында үч жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өтө турган дүйнөлүк чемпионатка даярданат. Бул тууралуу спортчунун машыктыруучусу Нурбек Изабеков маалымат жыйында билдирди. 

Машыктыруучу Айсулуу Тыныбекова журналисттер үчүн 2 жыл жеткиликсиз болоорун кошумчалады. Анткени жалпыга маалымдоо каражаттарына кеткен убак машыгууларга жумшалат. Ал спортчу айым буга чейин туура эмес тараган маалыматтардан жабыркаганын билдирди. Маселен, белгисиз журналист 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн олимпиадада Айсулуу алтын утту деп жазып, аягына алтын утса жакшы болмок деп кошумчалаган.