Жаңылыктар
Кыргызстандык мушкер Бахтияр Тойчубаев JFC боюнча чемпиондук курга ээ болду
Спорт
Кыргызстандык мушкер Бахтияр Тойчубаев JFC боюнча чемпиондук курга ээ болду

MMA боюнча кыргызстандык мушкер, аралаш мушташтын WMMAF версиясы боюнча дүйнө чемпиону Бахтияр Тойчубаев JFC боюнча чемпиондук курга ээ болду. Турнирди JFC жана Alash Pride уюштурган. Титулдук кармашта кыргызстандыктын атаандашы россиялык Сергей Клюев болду. 

Үчүнчү раунддун аягына чыга жаздап калганда Тойчубаев атаандашына муштуму менен жыгып, жеңишке жетти. Кыргызстандык спортчунун өзүнүн күйөрмандары бар. 

Ал туурасында жакшы билбегендерге маалымат иретинде: Тойчубаев Москва шаарындагы тиричилик буюмдарынын кампасында жүк түшүргүч болуп иштеп, үй-бүлөсүн багат.