Жаңылыктар
Кыргызстандын аймагында 4554 жер көчкү кооптуу тилкелери бар
Өзгөчө кырдаал
Кыргызстандын аймагында 4554 жер көчкү кооптуу тилкелери бар

Кыргызстандын аймагында 4554 жер көчкү кооптуу тилкелери бар, анын ичинен 1204 эл жашаган аймактарга жана объекттерге коркунуч жаратат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев билдирди. 

Анын айтымында, 4554 кооптуу участоктун 98% республиканын түштүк аймагында жайгашкан. Айрыкча Оштун Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай райондорунда, Жалал-Абаддын Сузак, Базар-Коргон жана Аксы райондорунда. 

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төрт миңден ашык үй-бүлө өзгөчө кооптуу аймакта жашайт деп билдирген. Алардын ичинен эки миңден ашуун үй-бүлө башка жактарга көчүү үчүн мамлекеттен ссуда алышкан. Бирок, дагы деле кооптуу аймактарда жашап жатат.