Жаңылыктар
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды
Чек ара
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылды

1-майдан 5-майга чейин кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана "Эркечтам” өткөрмө бекеттери убактылуу жабылды. Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлагандай, чек ара Кытай тараптын өтүнүчү менен “Жаз жана эмгек” майрамдарына байланыштуу жабылып жатат. 

Мамлекеттик чек арадагы бул эки бекет 6-майдан баштап кадимки тартипте иштей баштайт. Кыргыз-кытай чек арасы адатта Курман айт, жаңы жыл майрамдарында да жабылып турат.