Жаңылыктар
Трапм мигранттарды киргизүүнү татаалдаштырууда
Дүйнө
Трапм мигранттарды киргизүүнү татаалдаштырууда

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттардан башпаанек алууга аракет жасаган мигранттардын агымын көзөмөлгө алуу боюнча жаңы чараларды киргизүү тапшырмасын берди. 

Ага ылайык, Ички коопсуздук министрлиги үч ай аралыгында башпаанек үчүн документ тапшыргандардын арызын 180 күндүн ичинде кароо, арыз кароо үчүн акы киргизүү жана убактылуу иштөөгө уруксат берүү, чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөрдү бул сыяктуу укуктардан ажыратуу жол-жоболорун иштеп чыгууга милдеттүү. 

Меморандумдун максаты - башпаанек берүүгө байланыштуу эрежелердин аткарылышын камсыздоо. Мартта мексика-америка чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн 92 миң мигрант кармалган. Былтыр бул айда камалгандардын саны 38 миң адам.