Жаңылыктар
Эмгекчилердин күнүнө карата Бишкекте чуркоо боюнча мелдеш өттү
Спорт
Эмгекчилердин күнүнө карата Бишкекте чуркоо боюнча мелдеш өттү

1-Май эмгекчилердин күнүнө карата борбор калаадагы эски аянтта "Тынчтык - 2019" деп аталган спорттук иш-чара өттү. Калаа тургундары, Бишкек шаарындагы ведомстволордун кызматкерлери, жогорку окуу жайларынын студенттери жана мектеп окуучулары чуркоо боюнча мелдешти. Жеңил атлетчилер 100, 500 жана 1000 метр аралыкка чуркап, алдыңкы орунду ээлегендер медаль, баалуу белектер менен сыйланды.

Иш-чара эртең менен башталып, чогулгандардын арасында денесин жубатып жаткандар болду. Мында келгендер ар кыл курактагылар. Алгач мелдештин башкы калысы эрежелер менен тааныштырды. Чуркоо мелдеши алгач 8 жашка чейинкилердин таймашы менен башталды. Бөбөктөр 100 метр аралыкка чуркап, көпчүлүктүн көңүлүн көтөрдү. Кыз-келиндер 500 ал эми эркектер 1000 метр аралыкка чуркады. Иш-чарага тажрыйбалуу аксакалдар да катышты.
Алдыңкы орунду ээлегендерге медаль менен баалуу белектер берилди. 1-май - Эмгекчилердин күнүнө карата чуркоо боюнча турнир акыркы үч жылдан бери катары менен өтүп, дени сак жашоого үгүттөө максатын көздөйт. Катышуучулардын саны миңден ашты.