Жаңылыктар
Кытай жазма булактарында кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Кытай жазма булактарында кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар табылды

Кытай жазма булактарында кыргыздар тууралуу жаңы маалыматтар табылды. Ал биздин заманга чейинки 1050-жылдан 980-жылга чейинки мезгилде жашаган кытай падышасы өз хроникасында кыргыздар тууралуу жазып калтырган материалдарда сакталган. Бул тууралуу “Мурас” коомдук фондунун төрагасы Кыяс Молдокасымов билдирди. 

Жаңы табылгалар тууралуу маалыматты Пекинде Кытайдын коомдук илимдер академиясынын Тарых изилдөө институтунун тарыхчылары Президент Сооронбой Жээнбековго билдиришкен. Маалыматка ылайык, кытайлык белгилүү тарыхчы Ю Тайшан жакынкы изилдөөсүндө Кытайдын архивдик материалдарынан кыргыздардын аталышы биздин заманга чейинки 10 кылымга таандык маалыматтарда бар экенин таап чыккан. 

Ал эми буга чейин тарыхчы Сыма Цяньдын эмгегинде жолуккан кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар биздин заманга чейин 201-жылга таандык болуп келген, эми табылган расмий кытай жазма булактары аркылуу кыргыз тарыхы дагы сегиз кылымга ары жылды,- деп белгиледи Кыяс Молдокасымов. 

Эске салсак, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда архив документтерин биргелешип изилдөө боюнча кызматташтык маселеси былтыр июнь айында Президенттин коңшу өлкөгө болгон мамлекеттик сапарында көтөрүлүп, андан кийин кыргыз тарыхына тиешелүү архив документтерин чогултуу жана которуу жумуштары башталган.