Жаңылыктар
Талыкпаган эмгек ийгиликке жеткирет
Ден соолук
Талыкпаган эмгек ийгиликке жеткирет

Өзүнүн гана эмес, өзгөлөрдүн да ден соолугуна кам көрүп, "Көшөрө эмгектенсең, кызара бөртөсүң" деген ураанды туу туткан замандаштарыбыз арабызда арбын. Алардын бири 40 жылдан бери дартка даба болуп келаткан Асылкан Тиленбаева. 

Талыкпаган эмгекти таң эртеден баштаган Асылкан Тиленбаева, өмүрлүк жубайы менен бирге күн сайын чуркап, көнүгүүлөрдү жасап, алгач өзүнүн ден соолугуна кам көрөт. Күн кечке жаркыраган маанайды жана талбаган эмгекти талап кылчу жумуш күнү дал ушундай нукта башталат.

Тиш дарыгери Асылкан эже биринчи талапты өз үйүнөн баштайт. Тишке кантип кам көрүү керектигин балдарына жана неберелерине талбай үйрөткөн чоң эне үчүн, баарынан мурда тишти эртең менен кечинде тамактан кийин сөзсүз жууп, ооз көңдөйүн таза кармоо керек.

Бала кезинен тиш доктур болууну эңсеген Асылкан эженин тилеги орундалганына 40 жылдан ашты. Учурда Бишкек шаарындагы №2 тиш дарылоо бейтапканасында дарыгер болуп эмгектенет. Кайрылган бейтаптардын тиши оорубай сакайып кетсе деген максатын жоготуп алуудан коркот. Ар бир күндөгү ишинен ырахат алган тиш доктур жада калса майрам күндөрү да жумушунда.

Дарыгер айым дайым өз бейтаптарына тишти дарылап отургандан көрө, оорунун алдын алган арзаныраак жана жеңилирээк болот деген кеңешин айтып турат. Мындай талыкпаган эмгегинин аркасы менен бир топ сыйлыктарга татыган. Жыл башында ардактуу кесибинин аркасында мамлекет башчысынан Ардак грамота алган.