Жаңылыктар
Индияда жер титирөө болуп өттү
Кырсык
Индияда жер титирөө болуп өттү

Индияда болуп өткөн жер титирөөнүн кесепетинен улам 4 адам өлүп, дагы 100гө жакын адам жабыркады. Жергиликтүү маалымат каражаттары бул өлкөнүн түндүк-чыгыш тарабындагы Манипур штатында кубаттуулугу 6,7 баллга жеткен күчтүү силкинүү болгонун жазып чыгышты. Жер титирөөнүн очогу бул штаттын борборунан 29 чакырым алыстыкта жайгашкан Импхал шаарында болгону айтылууда. Күбөлөрдүн айтымында жер силкинүүсү бир минутага чейин басылбай турган. Фото: Getty Images