Жаңылыктар
Кыргызстанда бензин баасы арзандады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда бензин баасы арзандады

Жыл башынан бери бензин 2,5 сомго арзандады. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти. Анда айтылгандай, январь-апрель айлары аралыгында Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын чекене баасы жыл башына салыштырмалуу төмөндөдү. 

Маалыматка караганда, жыл башынан бери бензин 2,5 сомго, дизелдик майдын орточо баасы 1,5 сомго арзандаган. Бүгүнкү күндө АИ-80 үлгүсүндөгү майдын орточо баасы 38, 4 сомду, АИ-92 - 39,4 сомду, АИ-95 - 42,7 сомду түзүүдө. Дизелдик отун 44 сомдон сатылууда.