Жаңылыктар
Кадамжай районунда инспектор пара менен кармалды
Коррупция
Кадамжай районунда инспектор пара менен кармалды

Кадамжайда Транспорт жана жолдор министрлигинин жүк ташуучу унаалардын салмагын жана көлөмүн көзөмөлдөөчү бекетинин инспектору миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, ИИМ Криминалдык кызматынын аймактык башкармалыгына Баткен облусунун аталган районундагы бекеттердин биринде мыйзамсыз акча чогултуу жүрүп жатканы тууралуу даттануу келип түшкөн. 

Кызматкерлер жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан жөн гана посттон өтүү үчүн каражат сураганы көрсөтүлгөн. Натыйжада текшерүү жүргүзүлүп, шектүү кызматкер колго түшкөн. Факты Жазык кодексинин 238-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Ишти ИИМдин Тергөө кызматы иликтөөдө. Кыргызстанда жүк ташуучу унаалардын салмагын жана көлөмүн көзөмөлдөөчү 24 бекет бар. Анын экөө Кадамжай районунда жайгашкан.