Жаңылыктар
"Дарак ыры" тасмасы Татарстанда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге татыды
Маданият
"Дарак ыры" тасмасы Татарстанда өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгеге татыды

"Дарак ыры" тасмасы баш байгеге татыды. Татарстандын борбору Казань шаарында өткөн Мусулман киносунун эл аралык кинофестивалында аталган тасма россиялык кинотаануучулар менен киносынчыларынын "Белый слон" сыйлыгына ээ болду. Ал эми "Мугалим" фильми мыкты кыска метраждуу тасмасы деп таанылды. Кинофестиваль быйыл 15-жолу өтүп жатат.

"Дарак ыры" буга чейин Кыргызстандын "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгынын бир нече номинациясы боюнча жеңишке жеткен.