Жаңылыктар
"Кыргызстан-Кытай" газ куурунан көгүлтүр отун алуу маселеси каралууда
Экономика
"Кыргызстан-Кытай" газ куурунан көгүлтүр отун алуу маселеси каралууда

Алай жана Чоң-Алай райондорун аралап өтүүчү "Кыргызстан-Кытай" газ куурунан Кыргызстандын түштүк аймактарына көгүлтүр отун алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетти маалымдады. 

Аталган газ түтүк долбоору "Түркмөнстан - Өзбекстан - Тажикстан - Кыргызстан - Кытай" магистралдык газ куурунун бир бөлүгү болуп саналат. Аны куруу боюнча келишимге Кыргыз өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын өкмөтү 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкекте өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммитинде кол койгон. 

Алгач курулуш иштерин баштоо 2016-жылга пландаштырылган. Куурдун Тажикстандагы линиясын бүткөрүү кечеңдегенден улам, кытай тарап Кыргызстандагы жумушун артка жылдырган. Курулуш быйыл жайда же күздө башталышы керек. Кыргызстандын аймагы боюнча өтүүчү газ түтүгүнүн жалпы узундугу болжол менен 215 чакырымга созулат, долбоордун өткөрүүчү кубаттуулугу жылына 30 миллиард куб метр газды түзөт. Өкмөт 30 жылда долбоордон Кыргызстанга 2,15 миллиард доллар каражат түшөрүн кабарлады.