Жаңылыктар
Борбор калаада фонтан комплекстери иштей баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада фонтан комплекстери иштей баштады

"Тазалык" ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги фонтан комплекстерин ишке киргизди. Мэриянын маалымат кызматы кабарлагандай, ишкананын балансында жалпысынан 16 фонтан комплекси бар. Алардын баары эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 19:00гө чейин иштейт. "Ала-Тоо" аянтындагы жана Тарых музейинин алдындагы фонтандар кечки саат 21:00гө чейин өчпөйт. 

Фонтандар техникалык жагдайлардан улам түшкү саат экиден төрткө чейин убактылуу өчүрүлүп турат. Борбордук "Ала-Тоо" аянтына гүл отургузуу иштери да башталды. Буга чейин "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери аянтка гүлдөр менен саат жасашкан. Ал жерден Бишкек убактысын көрүүгө болот. Мэриянын маалыматына ылайык, аянтка жалпы жонуна 95 миң гүл отургузуу пландалууда.