Жаңылыктар
Николас Мадуро аскерлер уюштурган төңкөрүш ийгиликсиз аяктаганын айтты
Дүйнө
Николас Мадуро аскерлер уюштурган төңкөрүш ийгиликсиз аяктаганын айтты

1. Николас Мадуро аскерлер уюштурган төңкөрүш ийгиликсиз аяктаганын айтты;

2. Владимир Зеленскийдин шайлоодо жеңгени расмий түрдө жарыяланды;

3. Япониянын жаңы императору болуп мураскор Нарухито дайындалды;

4. Египетте жети экстремист өмүр бою эркинен ажыратылды;


Николас Мадуро аскерлер уюштурган төңкөрүш ийгиликсиз аяктаганын айтты

Николас Мадуро аскерлер уюштурган төңкөрүш ийгиликсиз аяктаганын айтты. Бул тууралуу “Guardian” сайты билдирди. Венесуэланын Президенти Николас Мадуро  элге кайрылуусунда оппозиция лидери Хуан Гуайдону жана анын саясий устатын Леопольдо Лопести чет элдик аскердик кийлигишүү үчүн шылтоо катары куралдуу кагылышуу чыгаруу аракетин көргөнү үчүн айыптады. Венесуэланын Боливариан Куралдуу күчү козголоң башталгандан кийин бир нече саат ичинде толкунду баскан. Анын айтымында, башаламандыктын натыйжасында беш аскер жаракат алган. Учурда алардын абалы оор. Ал эми Америка Кошмо Штаттарынын баш катчысы Майк Помпео “CNN” телеканалына интервью берип жатып Николас Мадуро  өлкөдөн качып чыгууга даяр болгонун билдирди. “Анын самолету аба майданында эле. Ал качып кетүүгө даяр болчу”-деди Помпео. Ак үйдүн өкүлдөрүнүн айтымында,  Мадуронун үч жакын адамы Президенттин качуусу боюнча оппозиция тарап айткан  далилдерди тастыктаган. Бирок, көп өтпөй алар айткан сөздөрүн жокко чыгарган. АКШ Президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Джон Болтон Коргоо министри  Владимир Падрино үч ай бою оппозиция тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп  келгенин айтат. Бирок жакында эле Падрино аскер курчоосундо Мадурону колдой  турганын билдирип эфирге чыккан. Ошондой эле Болтон Венесуэланын Жогорку Сотунун башкы соту Майкел Морено жана Президенттик күзөттүн башчысы Иван  Рафаэлди да айткан. 30-апрель эртең менен оппозиция лидери Хуан Гуайдо өлкөнүн  аба күчтөрүнүн биринде турган видеосун жарыялаган. Анда ал аскерлердин  катарында туруп, жалпы аскерлерди аны колдоого чакырган.               

Япониянын жаңы императору болуп мураскор Нарухито дайындалды

Япониянын жаңы императору болуп мураскор Нарухито  дайындалды. Анын такка отуруу аземи Токиодогу императордук сарайда өттү. Бул тууралуу “РИА Новости” сайты жазып чыкты. Эки күн мурда император Акихитонун  тактан кетүү салтанаты өткөн. Түн жарымда Акихито императорунун “Хэйсэй” деп  аталган эрасы бүтүп, “сулуулук жана гармония” дегенди түшүндүргөн “Рэйва” жаңы башкаруусу башталган. 1-майда “Сэйдэн Мацу-нома” залында өткөн аземге Өкмөт башчы Синдзо Абэ жана бир катар министрди кошкондо, жалпы 24мамлекеттик  кызматкер  катышкан. Нарухито залга  императордук үй-бүлө менен кирди. Ал ак кездеме менен капталган такка  көтөрүлдү. Анын оң кол жагына кичүү иниси Акисино ханзаада турду. Нарухито элге  кайрылуусунда ар дайым элге кызмат кылып, элдин символу болууга сөз берди. “Мен Япония элине бакыт каалап, ары карай өнүгүүсүнө тилектешмин” деди ал. Эске сала  кетсек, 2016-жылы Япониянын императору Акихито мураскор Нарихитого тактыны  берерин билдирген.         

Египетте жети  экстремист өмүр бою эркинен ажыратылды

Каирдин Жазалоо  соту өлкө ичинде тыюу салынган “Мусулман бир  туугандар” аттуу кыймылдын жетекчилеринин бири Хасан Малек жана анын баласы  менен кошо дагы беш мүчөсүн өлкө экономикасына зыян алып келгени үчүн өмүр бою  эркинен ажыратты. Бул тууралуу “Масрави” сайты жазып чыкты. Мындан тышкары дагы үч айыпталуучу  10 жыл мөөнөткө кесилсе, 14 адам акталды. Алар Египет фунтунун баасын түшүрүп,  экономикага доо келтирүүгө аракет көргөндүгү  үчүн айыпталган. Ошондой эле алар Куралдуу күчтөр, полиция жана туристтерге  каршы террористтик кол салууларды пландаган-деп жазат “Масрави” сайты.

2013-жылдын июль  айында “Мусулман бир тууган” кыймылынын өкүлдөрү башкарууну колго алганы үчүн  эл нааразычылыгын билдирген. Мындан улам           Египет  армиясы Президент Мухаммед Мурсини бийликтен түшүрүп, өлкөдө өткөөл  мезгил жарыяланды . Президенттин тарапташтары  массалык түрдө каршылык акцияларын уюштуруп, аны кайрадан Президенттикке алып  келүүнү талап кылган. Жаралган башаламандыктан улам жүздөгөн жарандар каза  болгон. “Мусулман бир туугандар” уюму өлкөдө расмий түрдө террористтик топ деп  жарыяланган. Учурда аталган уюмдун бардык мүчөсү абакта. Ошондой эле топтун кээ  бир башчылары качып кетүүгө үлгүргөн-деп жазат “Масрави” сайты.  

Владимир Зеленскийдин шайлоодо жеңгени расмий түрдө жарыяланды       

Владимир Зеленскийдин шайлоодо жеңгени расмий түрдө жарыяланды. Мындай маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Украинадагы  Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында шоумен Владимир Зеленский 13 млн 541 миң 528 адамдын добушун алган. Ал эми анын атаандашы Петр Порошенкого 4 млн 522 миң 450 адам добуш берген. Борбордук шайлоо комиссиясы мындай маалыматты Киевде  өткөн расмий жыйында билдирип, Владимир Зеленскийди расмий түрдө Президент деп жарыялады. Бул тууралуу “Гордон” сайты жазып чыкты. Эске сала кетсек, 21-апрелде  Украинада Президенттик шайлоонун экинчи туру өткөн. Ал эми Владимир Зеленский  41 жашта. Ал актёр, шоумен жана продюсер, “Квартал-95” студиясынын жетекчиси. Президенттик шайлоого чейин саясат менен алектенип, мамлекеттик кызматтарда  иштеген эмес-деп жазат “Гордон” сайты.

Асел Шамилова, “Биринчи Радио”