Жаңылыктар
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму айыл тургунуна 100 миң сом тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму айыл тургунуна 100 миң сом тапшырды

Талас районундагы Кара-Ой айылынын тургуну Болоткан Асырановго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 100 миң сомдун тастыктамасы тапшырылды. Болоткан Асыранов бул сумманы үйүнүн чатырын жаңылоого жумшайт. Себеби, март айында электр чубалгыдан учкун чыгып, турак жайынын чатыры толугу менен күйүп кеткен. Бирок, үй ээси 3 жылдан бери мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төлөмдөрүн төлөп келгендиктен, эми минтип 100 миң сомдук колдоо таап отурат. 

Белгилей кетсек, турак жайларды камсыздандыруу боюнча мыйзамга ылайык, шаардагы турак жайларды жылына 1200 сомго, айыл жериндеги үйлөрдү 600 сомго камсыздандыруу төлөмдөрү каралган.

"Камсыздандыруу учурдун талабы экенин жашоо көрсөтүп жатат. Мисалы, бул үйдүн чатыры күйүп кеткен. Эми камсыздандыргандыгынын эсебинен 100 миң сом алып жатат",- деди Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Талас облусундагы өкүлү Талантбек Субанбеков.