Жаңылыктар
Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды
Маданият
Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды

Жогорку Кеңеште Тарых музейине Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу сунушталды. Мындай демилгени депутаттар Жыргалбек Турускулов менен Алмазбек Баатырбеков көтөрүп чыгышты. Жыргалбек Турускуловдун айтымында, бул жылы өлкө аймагында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленет. Саясий ишмердин кичи мекени Нарында Усубалиевдин ысымы аянтка, Кочкордо гүлбакчага берилген. Эл өкүлдөрү Киев же Москва көчөлөрүнүн бирине Усубалиевдин ысымын ыйгарууну сунуштады. 

Эске салсак, Усубалиевдин туугандары буга чейин мындай демилгеге каршы болуп, көчөлөрдүн аттарын өзгөртүүгө карата каршы киргизилген мораторийди сыйлай тургандыктарын айтышкан.