Жаңылыктар
Асылзат: СССР эл артисти Даркүл Күйүкованын 100 жылдык мааракесине арналат
Маданият
Асылзат: СССР эл артисти Даркүл Күйүкованын 100 жылдык мааракесине арналат

Театр сахнасында дүйнөлүк, орус жана кыргыз классикалык драматургиясы боюнча коюлган спектаклдерде ондогон кейипкерлерди, өзгөчө энелердин образын жогорку чеберчиликте аткарып, кыргыз театр өнөрүндө улуттук мүнөздөгү кайталангыс театр мектебин түптөп кеткен, СССР эл артисти Даркүл Күйүкованын быйыл 100 жылдык мааракеси. “Асылзат” уктуруусу кыргыз айымдарынын жүзүнүн сап башында турган, талант менен кызматын жуурулуштуруп, аны менен бирге үй бүлө тизгинин татыктуу алып кеткен элибиздин сыймыктуу кызы, таланттуу, улуу актрисасы Даркүл Күйүкованын жаркын элесине арналат.