Жаңылыктар
Адабий сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды
Маданият
Адабий сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды

“Жаңы ысымдар, жаңы мүмкүнчүлүктөр” деп аталган сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сынак кыргыз прозасын өнүктүрүү максатында беш айдан бери өткөрүлүп келген. Бул жолу иш-чарага кырктан ашык аңгеме катышкан. 

Анын ичинен калыстар тобу Кубанычбек Аркабаевдин “Карышкыр чапкан аял” аңгемесин тандаса, ал эми окурмандар тарабынан Мусакун Сатыбалдиевдин калемине таандык “Көз ирмем” аттуу аңгеме жеңишке жетти. 

Сынакты “Калемгер” адабий клубу уюштуруп, бүгүн жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.