Жаңылыктар
Кыргызстан - Кытай кызматташтыгы жакшырууда
Саясат
Кыргызстан - Кытай кызматташтыгы жакшырууда

Кыргызстан менен Кытай “Бир алкак - бир жолдун” негизинде эки тараптуу кызматташтыкты арттырат. Бул тууралуу эки өлкөнүн лидерлери Пекинде жолугушканда билдиришти. Июнь айында болсо Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинь мамлекеттик сапар менен келет. Бул визит эки тараптуу алаканы жаңы деңгээлге чыгарат деп билдирди Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунда эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттары талкууланып, лидерлер орток пикирге келишти деп билдирди Кытайдын Кыргызстандагы элчиси маалымат каражаттарына берген маегинде. Июнь айында болсо Си Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары күтүлүүдө, анда эки тараптуу бир катар келишимдерге кол коюлмакчы.