Жаңылыктар
Согуш ардагери Кадырбай Абдыкалыков Харьковду бошотуу операциясына катышкан
Кыргызстан жаңылыктары
Согуш ардагери Кадырбай Абдыкалыков Харьковду бошотуу операциясына катышкан

Ысык-Көл облусунун кадырлуу тургуну, согуш ардагери Кадырбай Абдыкалыков жашы токсон бешке чыкса да жаш мугалимдерге болгон насаатын айтып, карылык улуу кебин аябай, жаштар менен тынымсыз жолугушууларды өткөрүп турат. Карыя быйыл да салтын бузбай келечек муунга кызыктуу маек куруп берди. 

Ардагер Кадырбай Абдыкалыков өзү окуп, ийгиликтүү аяктап кеткен Каракол педагогикалык окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү менен быйыл онунчу ирет жолугууга келди. Кадырбай ата мындай жолугушууларга жыл сайын өзгөчө даярдык менен келип кенен маек курат. Ардагер окуу жайдын жыл ичиндеги жетишкендиктерин, жаңылыктарын угуп, кемчилиги болсо насаатчылык кеп кеңешин берип, окутуучуларга жана студенттерге батасын берип өттү.
Мындай жолугушууларга Кадырбай ата буга чейин согуш ардагери Тенти Тамашаев менен келчү. Бирок ал ардагер быйыл ден соолугуна байланыштуу келген эмес. Тенти ата быйыл жүз жашка чыгыптыр. Ал дагы ушул окуу жайдын бүтүрүүчүсү. Кадырбай ата ушул окуу жайын Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков менен чогуу окуп, анын кан майданга бир жыл эрте кеткенин айтты.