Россия Президенти Владимир Путин орус интернетин изоляциялоо боюнча жарлыкка кол койду. Документ укуктук маалыматтар сайтында жарыяланды. Ал 1-ноябрдан тарта күчүнө кирет. Мыйзам орусиялык түйүндөр сегментинин дүйнөлүк интернеттен өзүнчө иштөөсү үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга багытталган.
Анын аткарылышын Роскомнадзор көзөмөлдөйт, түйүндөргө коргоочу каражаттарды орнотуу жана иштетүү жол-жоболорун орус өкмөтү бекитет. Документти сынга алгандар автономдуу түйүн интернетте цензураны күчөтүүгө жол ачат деп кооптонушууда.
Бир катар интернет-компаниялар мыйзамды сынга алышкан. “Яндекстин” өкүлү Алексей Соколов иштелип жаткан технология “сервистердин ишин начарлата турганын билдирген. Diphost провайдеринин башкы директору Филипп Кулин долбоордун баасы өтө кымбат болорун айткан.